БАШ БЕРБөө
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Тил албоо, айтканга көнбөө, моюн сунбоо, өз билгенин иштөө. Калпа ажынын миң жылкысын жылкычылары баш бербей, он эки семизин тандап бөлүп союп жешет (Бейшеналиев). Касымбек таянганы бар үчүн баш бербей, коругун комсоолотту (Бейшеналиев). Томаяктарды ашарга чогултуп тамын салдырып, өзүнчө эле дүңкүлдөп баш бербеген неме дейт (Бейшеналиев). В.: Баш койбоо. Ар элде бийлик жүргүзүп турган балдары бири-бирине баш койбой, ар кимиси ар жакка чоюп бөлүнүп кетти (Касымбеков). Бой бербөө. Бу жолу да энем кайнилерине бой бербейт (Сыдыкбеков). Төрт гана адам бууракандаган толкундарга бой бербей жакын сүзүп бара жатышат («Советтик Кыргызстан»).